Материалдар: 1
Баткен облусу УВДнын маалыматтарына ылайык, Кызыл-Кыеде орто мектеп №2нун аянтчасында 9-класстын эки окуучусунун ортосунда чыр-чатак келип чыккан. Натыйжада, А.А. аттуу окуучу жаракат алган жана Кызыл-Кыедеги шаардык ооруканага жаткырылган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.