Материалдар: 1
Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ала-Бука районунун 2021-2026-жылдар аралыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүү пландары менен таанышты. Мамлекет башчысы аймакта өнөр жайдын өсүшү, тартылган инвестициялар жана инфраструктуралык объектилердин ишке ашырылышы боюнча маалыматтарды угуп чыкты.