Материалдар: 1
14-июлда Ысык-Көл облусундагы Каракол жаратылыш паркындагы капчыгайда жер көчкү болуп, топурак массасы Каракол дарыясынын нугун тосуп калды. Бул кырсыкка байланыштуу ички чарбалык жолдун бир бөлүгү жабылып, аймакта жол кыймылы токтоду. Жабыркагандар болбогондугу кабарланууда, бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштерин куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жүргүзүүдө.