Материалдар: 3
Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатовдун билдирүүсүндө, Кыргызстанга Беларусь, Азербайджан жана Түркия сыяктуу алыстагы өлкөлөрдөн күйүүчү май жөнөтүлө баштады. Учурда базардагы кырдаал татаал бойдон калып жатканын, октябрь айына карата Россиядан күйүүчү майдын жеткирилиши кайра калыбына келүүсү күтүлүп жатканын айтты.
Кыргызстанда бензин жана дизель күйүүчү майлардын баасы жогорулап, айрым түрлөрү мамлекеттик жөнгө салуудан чыгарылды. Дүйнөлүк энергетикалык рынокто баалардын кескин өскөнү кесепетин тийгизип, күйүүчү май рыногунда кыйынчылыктар жаралууда.
Кыргызстандын нефтетрейдерлери беш ар түрдүү мамлекет менен күйүүчү-майлоочу материалдардын ташылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Ассоциациянын башчысы Канатбек Эшатов билдирди.