Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Администрациянын маалыматы боюнча, Президентке 2021-2026-жылдардагы өнүгүү пландары, жылдын алты айындагы ишмердүүлүктүн натыйжалары жана жаңы долбоорлор ишке ашыруу боюнча маалымат берилген.