Материалдар: 2
Чолпон-Ата шаарында 16-19-июль күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы өтүүдө. Бул фестиваль Кыргызстандын төрагалыгына жана уюмунун 25 жылдыгына арналган. Кыргызстандан «Кара Кызыл Сары» фильми көрсөтүлүп, эл аралык калыстар тобун белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров жетектөөдө.
Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарында 16-19 июль аралыгында ШОС өлкөлөрүнүн эл аралык кинофестивалы уюштурулду. Кыргызстан ушул уюмда төрагалык кылып жаткан учурга дал келген иш-чарада кино тартуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү максатында бир катар программалар каралган.