Материалдар: 1
Кыргызстан менен Орусиянын илимпоздору бирге иш алып барып, «Каратал-Жапырык» мамлекеттик табигый коругунда канаттуулардын түрлөрүн, алардын саны менен жашоо чөйрөсүн изилдөө үчүн комплекстүү экспедиция өткөрүштү. Бул илимий иш-чара табиятты коргоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо багытындагы биргелешкен кадам катары бааланууда.