Материалдар: 2
Кыргызстандын Энергетика министрлиги Ош облусунда 220/110/10 кВ чыңалуудагы жаңы «Исанова» подстанциясын курууну баштайт. Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кайра жаралуучу энергия булактарын системага кошууга багытталган. Инвестициялык каражаттардын жалпы көлөмү 35,5 миллион АКШ долларын түзөт.
Кара-Кул шаарында батирлердин баасы акыркы жылдары кескин жогорулады. Айрыкча Пойма аймагындагы батирлердин кымбатчылыгы 5 млн сомго, ал эми Исанов көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн баасы 15 млн сомго чейин жеткени белгилүү болду. Бул көрүнүш менен кошо шаардагы жашоо чыгымдары жалпы өсүп, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кымбат экенине көңүл бурулду.