Материалдар: 2
Бишкек шаарынын бийлиги Иманалиева менен 50 жылдык Жеңиш көчөлөрүндө жолду кеңейтүү жана тротуарларды оңдоо иштерин жүргүзүп жатат. Иманалиева көчөсүндө 2,5 чакырым узундукта жол кеңейтилип, 111 курулуш объектиси катталып, 70ке жакыны ээлери тарабынан өз эрки менен бузулду. Ошол эле учурда 50 жылдык Жеңиш көчөсүндө да тротуар жаңыртылып, аймак самоволдуу курулган тосмолордон тазаланды.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы жол курулуштарынын жүрүшүн текшерип, чыгыш объезд жолунун курулушу, Иманалиев көчөсүнүн капиталдык ремонту жана Саманчин көчөсүн пробивалоону ыкчамдатуу боюнча тапшырмаларды берди. Мэр иш жүрүшү менен таанышып, иштердин сапатын жана мөөнөтүн катуу көзөмөлдөп турууну талап кылды.