Жаңылыктар
Аймактар
Маалымдамалар
Катышуу
Материалдар: 1
Бишкек шаарындагы 24 кабаттуу турак жай комплексинде бетон куюучу насостун түтүгү жарылып, анын чачырандылары коңшу аймакка түшкөн. Окуядан кийин курулуш компаниясы тургундарга келтирилген зыянды өз ыктыяры менен калыбына келтирген. Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти жеринде текшерүү жүргүзүп, компанияга эскертүү берип, курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр тапшырды.