Материалдар: 1
Бишкекте өткөн Баткен жана Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында жабыркаган жарандардын турак жай маселелери талкууланды. Премьер-министрдин кеңсесинин башчысы Адылбек Касымалиев бул ишке өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Комиссиянын иши боюнча жалпысынан 172 тапшырма аткарылганын билдиришти.