Материалдар: 1
Жашыл энергетика фонду 2027-жылдын июлуна чейин апробациялык режимде иш алып барат. Бул тууралуу фонддун директору Эмилбек Орозбаев Биринчи радионун эфиринде билдирди. Президенттин жарлыгы менен атайын статуска ээ болгон фонд бул мезгилде кайра жаралуучу энергия булактары боюнча долбоорлорду «ачкычка» даярдап, инвесторлордон эч кандай чыгым талап кылбайт. Эгер механизм ийгиликтүү болсо, фонд мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө демилге көтөрөт.