Материалдар: 2
Америка Кошмо Штаттары киберкылмыштуулукту жана онлайн алдамчылыкты токтотууга багытталган жаңы глобалдык визалык чектөөлөр саясатын жарыялады. Бул чаралар санариптик кылмыштарга тиешеси бар адамдарга карата колдонулуп, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө да таасир этиши мүмкүн.
АКШда түзүлгөн жана Борбор Азия менен Кавказ аймагына инвестиция багытталган Tripp+ фонду россиялык венчурист Константин Соколовду башкарууга өткөрдү. 200 миллион долларлык капитал менен иштеген фонд экономикалык өнүгүүгө гранттар, инвестициялар жана насыялар аркылуу салым кошууну көздөйт.