Материалдар: 1
17-июлда Иссык-Көлдүн «Көк Иссык-Көл» санаторыунун пляжында эс алуучулар «Горизонт» аттуу сейил паромдун пристандан кеткен соң 15-20 метрлик майлы из калтырганын байкашты. Алар экологияга тийгизген зыян тууралуу тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү органдардан жооптуу тарапка чара көрүүнү жана көлдөгү экологияны көзөмөлдөөнү күчөтүүнү талап кылышууда.