Материалдар: 1
Жаңы мобилдүү «Цифрлуу чек ара» колдонмосуна Кыргызстандагы чек ара бекетиндеги коррупция жана мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүлөрдү жиберүү функциясы кошулду. Бул тууралуу Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгы билдирди. Колдонмо азыр Android түзмөктөрүндө иштеп жатат, iPhone үчүн версиясы июль айында чыкмакчы.