Материалдар: 1
Кыргыз Республикасынын Сууларды пайдалануу, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өлкө аймагында коркунучтуу деп таанылган үч пестициддин айлануусуна толук тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол койду. Тыюу салынган пестициддер – бета-цифлутрин, бромоксинил октаноат жана фенамифос. Бул чечим айлана-чөйрөнү, калктын ден соолугун коргоого, ошондой эле айыл чарба продукциясынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.