Материалдар: 1
Кара-Көл шаарындагы маданий иш-чараларды бул ырсыз элестетүү кыйын. «Кара-Көл нуру керемет» ар бир салтанаттуу кечеде жаңырып, акыркы жылдары шаардын өзгөчө музыкалык бейнесине айланды. Turmush басылмасынын кабарчысы ырдын обонун жазган, 40 жылдан ашык өмүрүн өнөргө арнаган Эшим Калыбеков менен маектешип, чыгарманын тарыхын жана анын чыгармачылык жолун талкуулады.