Материалдар: 1
Депутат Дастан Бекешев кабинет министрлердин 2050-жылга чейинки Бишкектин башкы планын өзгөрткөнүн, бирок жаңыланган чийме мэриянын сайттарында да, расмий булактарда да жарыяланбаганын билдирди. Ал борбор калкы үчүн ушунчалык маанилүү документтин элдик талкуусуз кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирди.