Материалдар: 1
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков электр энергиясы тарифтерин көтөрүүдө максат – эскирген жабдууларды алмаштыруу экенин «ачык кабинет» форматындагы журналисттер менен жолугушууда билдирди. Администрациянын башчысы тарифтерди көтөрүү кыйынчылык туудурса да, электр энергиясын өндүрүү жана жеткирүү үчүн каржылык талаптар бар экенин баса белгиледи.