Материалдар: 1
Жалал-Абад облусунда 12-июль кечинде болгон катуу жаандан улам Базар-Коргон—Арстанбап автоунаа жолунун бир нече жеринде сел жүрүп, жол транспорттун жүрүүсүнө тоскоолдук туудурду. Техникалык кызматкерлердин жардамы менен жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, жолдун кыймылы коопсуз түрдө кайра жанданды.