Материалдар: 1
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы №29 «Бурул эне» балдар бакчасында ири каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Райондук прокуратуранын маалыматы боюнча, мекеме жетекчиси иштебеген кызматкерлерге айлык төлөп, эмгек өргүүсүнө чыккан кызматкерлердин акчасынын бир бөлүгүн алып койгон. Ошондой эле ата-энелер балдардын тамактануусу начар экенин, нан көгөрүп, этсиз тамак берилип жатканын айтышты.