Материалдар: 1
Кыргызстандык программист Даниил Вартанов жасалма интеллект (ЖИ) программисттерди алмаштырабы деген суроого жооп берип, бул технологиянын мүмкүнчүлүктөрү жана чектөөлөрү тууралуу айтып берди. Анын пикиринде, ЖИ — бул программалоодо эффективдүүлүктү жогорулатчу курал гана, ал адам кесипкөй адистердин ордун толук баса албайт. Башкысы — нейросеталарды туура колдонуп, алардын жыйынтыктарын текшерүүнү үйрөнүү керек.