Материалдар: 1
Нарын облусунда 2026-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча 146,7 чакырым жол асфальтталды. Бул 2025-жылдын бүтүндөй көрсөткүчүнөн (96,2 чакырым) ашып түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Жол куруу жана оңдоо иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн кеңешмеге министр Талантбек Солтобаев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, район акимдери жана шаар мэри катышты.