Материалдар: 1
Жогорку Кеңештин вице-спикери Болот Ибрагимов Бишкек шаарынын борборундагы жол оңдоо иштери учурунда коопсуздук талаптарына жооп бербеген жол белгилерин аныктады. Ибрагимов социалдык тармактарда жарыялаган видеосунда жол белгилеринин чагылдыргыч элементтери жок экенин көрсөткөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери текшерүүнүн жыйынтыгында эреже бузууларды тастыктап, жооптуу тараптарга айып салды.