Бардык жаңылыктар: Bitcoin
Материалдар: 4
Биткоин баасы 65 миң доллардан төмөн түштү: бир суткада 6%га арзандады
Криптовалюта рыногундагы масштабдуу сатуулардын натыйжасында Биткоиндын баасы август айынан бери биринчи жолу 65 миң доллардан төмөн түштү. Акыркы бир ай ичинде негизги криптовалюта өз баасынын 20%дан ашыгын жоготту.
Биткоин октябрда 7,32% арзандады — 2014-жылдан берки эң кескин төмөндөө
Coinglass маалыматы боюнча, 2026-жылдын октябрь айында биткоиндин баасы сентябрдын аягына салыштырмалуу 7,32% төмөндөдү. Бул 2014-жылдан берки эң начар көрсөткүч. Ошол эле учурда Ethereum 16,06% арзандап, 2016-жылдан берки эң чоң төмөндөөнү көрсөттү. Криптовалюта рыногуна Binance биржасындагы хакердик чабуул да таасирин тийгизди.

Binance криптобиржасына хакердик чабуул жасалды: биткоин 77 миң доллардан түштү
Дүйнөдөгү эң ири Binance криптобиржасы хакердик чабуулга кабылып, биткоиндин баасы 77 миң доллардан төмөн түшүп кетти. Coindesk порталынын маалыматына караганда, биржанын капчыктарынан болжол менен 5,7 миллиард долларлык криптовалюта уурдалган. Binance негиздөөчүсү Чанпэн Чжао инвесторлорду каражаттары коопсуз деп ишендирүүдө.

Россиянын Борбордук банкы Bitcoin, Ethereum жана USDTни алмашуу базарына кошууну сунуштады
Россиянын Борбордук банкы Bitcoin, Ethereum жана USDT криптовалюталарын биржа аркылуу элге ачык сатууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча жаңы жобо долбоорун жарыялады. Бул демилге квалификациясыз инвесторлорду нарыктын туруксуздугунан коргоо максатында иштелип чыккан.