Материалдар: 2
Алай районунда 41 эне «Баатыр эне» жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланып, апаларды урматтоо майрамы өткөрүлдү. Эң жаш сыйланган апа 29 жаштагы сегиз баланын энеси Бааргүл Осмон кызы болду. Гүлчо шаарында да көп балалуу апаларга куттуктоолор жөнөтүлүп, гүлдөр берилди.
Алай районунун Гульчо шаарында 11-июлда окуучулардын билим деңгээлин аныктоо боюнча Общереспубликалык тестирлөөнүн жогорку жыйынтыктарына байланыштуу мыкты бүтүрүүчүлөр жана алардын мугалимдери салтанат менен сыйланды. Бул иш-чарага шаар мэри Нурсултан Тажибаев жана шаар кенешинин төрагасы Азим Самиев катышты.