Материалдар: 1
Франциянын Авиньон шаарында өткөн эл аралык Avignon Off 2026 театр фестивалынын алкагында Кыргызстандын маданиятына арналган тегерек стол болуп өттү. Иш-чарада кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүүсү, аны эл аралык деңгээлде таанытуу жана келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.