Жаңылыктар
Аймактар
Маалымдамалар
Катышуу
Материалдар: 1
Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында депутат Арыпбек Айтбаев гравий казуу карьерлери боюнча маселени көтөрдү. Мурда прокуратуранын чечими менен жабылган карьерлерди кайра ачуу мүмкүнчүлүгү каралууда. Биринчи вице-мэр Оморбек Торобаев Экономика министрлигинин токтомго өзгөртүү киргизип жатканын, натыйжада Ош шаарына уруксат берүү укугу бериле турганын билдирди. Бирок жергиликтүү тургундар карьерлердин айыл чарба жерлерин бузуп, жайыттарды тарытып жатканына нааразы.