Материалдар: 1
Новопокровка айылында AKFA Glass кыргыз-өзбек биргелешкен ишканасы иштей баштады. Улуттук инвестиция агенттигинин жетекчиси Равшанбек Сабировдун айтымында, долбоор Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, 300 жумуш ордун түзгөн. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөп жатышат.