Материалдар: 1
Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Кыя айылында 375 окуучуга ылайыкташкан жаңы заманбап мектептин курулушу уланууда. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп жаткан бул долбоордун наркы 265 миллион сомду түзөт.