Материалдар: 1
«Тундук» мобилдик тиркемесинде «Суроо-талаптардын тарыхы» деген жаңы сервис иштеп берилди. Бул кыргызстандык жарандарга өзүнүн жеке маалыматтарын ким, качан жана кандай максатта сурап жатканын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул жаңылык мамлекеттик органдардын ошондой эле коммерциялык түзүмдөрдүн жеке маалыматтарды иштетүүсүндөгү ачык-айкындуулукту жогорулатууга багытталган.