Материалдар: 1
Иссык-Куль облусунун Тон районундагы Туура-Суу айлында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел келип, үч көпүрөнү жууп кетти жана 10-15 чакырымдай жолду бузду. Учурда айылдыктар чоң айланып өтүү жолун колдонууга мажбур болуп, өзгөчө кыйынчылыктарга дуушар болууда. Окулардын калыбына келтирүү иштери башталды, облус жана район жетекчилери кырдаалды көзөмөлдөп жатышат.