Ырасталган каттоо маалыматтары көрсөтүлдү. Ээлеринин аты-жөнү жана толук документтер верификация жүргөндө ачылат.

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түрк инвестициялык фондунун жаңы президенти Кубанычбек Омуралиев менен жолугуп, өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселелерин талкуулады.

Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Болгария жана Европа биримдиги рынокторуна чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып жатат. Бул үчүн өлкөнүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Болгариянын элчиси менен жолугушту.

Экономика жана коммерция министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстан менен Даниянын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Эки өлкө өз ара соода жүгүртүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана инвестициялык байланыштарды бекемдөө максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.