Бишкек мэриясы шаардын тургундарына жана конокторуна жайкы дем алыш күндөрүн жандуу музыка жана жагымдуу эс алуу менен өткөрүүнү сунуштайт. 10 жана 11-июль күндөрү саат 19:00дө «Ынтымак-2» паркындагы амфитеатрда музыкалык кечелер өтөт.

Бул эки күндүк концерт программасында таланттуу чыгармачыл топтор жана аткаруучулар катышат. Концертте улуттук жана эстрадалык ырлар жаңырып, жайкы кеченин жылуу жана достук маанайы жаралат.

Музыкалык иш-чаралар борбордогу маданий турмушту өнүктүрүүгө, улуттук искусствону жайылтууга жана үй-бүлөлөр үчүн ыңгайлуу эс алуу мейкиндигин түзүүгө багытталган.

10-июлда Белканто комплекси катышты

10-июлда артист Замира Мавлянова башкарган Белканто музыкалык билим берүү комплексинин окуучулары жана чыгармачыл жамааты көрүүчүлөргө ар түрдүү музыкалык жанрларда чыгармаларды тартуулашты.

11-июлда «Ырыс – Ынтымак» ансамбли менен кошумча программалар

Кийинки күнү концерт «Мыкан» маданият үйүнүн «Ырыс – Ынтымак» ансамблинин чыгышы менен уланды. Ошондой эле кыргызстандык артисттер улуттук жана эстрадалык ырларды аткарышты.