Түркиянын Анталья шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын (КС-31) ачылышына карата жарыкка чыгарылган ВМОнун отчёру планетанын абалы тууралуу кооптуу маалыматтарды берди. Акыркы 12 жылдын ар бири метеорологиялык байкоолор тарыхындагы эң жылуу 12 жылдын катарына кирди. Ал эми акыркы төрт жыл температуралык рейтингде биринчи төрт орунду ээлеп алды.
Адистердин алдын ала баалоолору боюнча, 2026-жыл дагы байкоолор тарыхындагы эң ысык төрт жылдын бири болуп калышы мүмкүн. Глобалдык жылуулануу абааты бир гана абанын температурасынын көтөрүлүшү менен чектелбестен, океандарда жылуулуктун рекорддук топтолушуна, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө, мөңгүлөрдүн азайышына жана таза суунун запастарынын кыскарышына алып келүүдө.
2026-жылдын январь айынан сентябрына чейинки мезгилде жердин орточо температурасы индустриалдык доорго чейинки көрсөткүчтөн болжол менен 1,47 градус Цельсийге жогору болду. Бул көрсөткүч жылдын аягына чейин дагы өсүшү мүмкүн.
Температуранын өсүшүнө Тынч океандын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү беттик суулардын ысышы менен байланышкан Эль-Ниньо климаттык кубулушу таасир этиши ыктымал. Прогноздорго караганда, декабрь айына чейин Эль-Ниньо байкоолор тарыхындагы эң күчтүү кубулуш болуп калышы мүмкүн.
Адистер климаттык өзгөрүүлөрдүн себебин түшүндүрүшөт. Алардын айтымында, табигый климаттык ченемдүүлүктөр адамдын ишмердүүлүгү жана атмосферадагы парниктүү газдардын концентрациясынын көбөйүшү менен шартталган узак мөөнөттүү глобалдык жылуулануу тенденциясы менен айкалышып жатат.





