8-ноябрда Жапониянын борбордук аймагында магнитуда 5,7 болгон жер титирөө катталды. Associated Press агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктын кесепетинен кеминде 22 адам жабырланды.
Жапониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, жер титирөө жергиликтүү убакыт менен саат 01:04тө болгон. Эпицентр Сидзуока префектурасынын батыш бөлүгүндө жайгашкан, очогунун тереңдиги 41 километрди түзөт.
Эң катуу толкундарды Айти префектурасынын тургундары сезишти. Бир нече шаарда имараттар жана дүкөндөрдүн витриналары жабыркаган. Айрым жабырлануучулар имараттардан чыгуу аракетинде жаракат алышкан.
Жер титирөөдөн улам «Синкансэн» жогорку ылдамдыктагы поезддери айрым участоктордо убактылуу ылдамдыгын төмөндөтүштү. Цунами коркунучу жарыяланган жок.
Жапониянын метеорологиялык агенттиги жакынкы бир жума ичинде, өзгөчө алдыдагы эки-үч күн ичинде кайрадан күчтүү толкундар болушу мүмкүн экени тууралуу эскертүү берди.










