Ысык-Көл облусунун Түп районунда өндүрүштүк кырсык катталды. Канализация түтүгүн орнотуу учурунда эки жумушчу топурактын астында калып, каза болду. Бул тууралуу Nomad маалымат булагы билдирди.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жумушчулар болжол менен 3 метр тереңдиктеги траншеяда канализация түтүктөрүн тартып жатышкан. Ошол учурда траншеянын дубалы урап, экөөнү басып калган.
Учурда кырсыктын себептери жана жагдайлары такталууда. Тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат.








