Японияда Fugaku суперкомпьютеринин операциялык системасына бөтөн адамдардын уруксатсыз киргендиги аныкталгандиктен, түзүм убактылуу өчүрүлдү. Бул тууралуу Kyodo News агенттигине шилтеме берген Kazinform билдирди.

Окуя боюнча Riken илимий-изилдөө институту жана Япониянын Билим берүү, маданият, спорт, илим жана технологиялар министрлиги 16-ноябрда билдирүү жасашты. Ведомствонун маалыматы боюнча, институт бул маселе тууралуу 13-ноябрда эле маалымдап, алгач аны маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндөгү инцидент катары атаган.

Уруксатсыз кирүү Fugaku системасына колдонуучулар туташа турган жана анын ишин башкара турган системада табылган. Ошол жерде сакталган маалыматтар коркунуч астында калышы мүмкүн деген божомол бар. Маалыматтардын сыртка чыгып кетишинин масштабы колдонуучулар тарабынан катталган жеке маалыматтардын көлөмүнө жараша болот.

Учурда Riken институтунун адистери болгон окуянын шарттарын тактап жатышат. Министрлик институтко мүмкүн болгон зыянды баалоону жана системанын ишин кыска мөөнөттүн ичинде калыбына келтирүүнү тапшырды.