Верховдук соттун судьясы жана санариптик сот тутумун өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун башчысы Инара Гилязетдинова биринчи кезекте искусственный интеллектке жүктөлгөн жогорку үмүттөр тууралуу айтып өттү.

Ал жаңы технологиялар соттордун ишин натыйжалуу кылууга салым кошот деп ойлонулуп, айрым категориядагы иштерди чечүүдө кеңири пайдаланылат деп күтүлгөнүн белгиледи.

Бирок практика көрсөтүп жаткандай, ИИдин мүмкүнчүлүктөрү менен анын колдонулушу ченемделген чектер ар дайым дал келбейт. Себеби, сот жараянындагы тобокелдиктерди баалоочу алгоритмдердин калыстыгы жана алардын чечимдерин текшерүү маселелери ачык талкууга алынууда.

Соттук практика көрсөткөндөй, системанын жогорку тактыгынын өзүнөн сот адилеттигинин жана укуктук аныктуулуктун принциптерине шайкеш келүү кепилдиги жок.

ИИ технологияларын соттук ишмердүүлүккө киргизүү маселеси дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө талкууланып жатат. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, технологияларды колдонуу эмес, алардын чектерин аныктоо башкы маселе болуп жатат.

Инара Гилязетдинова Кытайдагы тажрыйбаны мисал кылып, ал жерде ИИ технологиялары соттордун ишинде кеңири колдонулуп жатканын айтты.

Бирок ал тажрыйба дагы сотту толук алмаштыруудан көрө, маалыматтарды талдоо, соттук практика изилдөө, материалдарды даярдоо жана ишти уюштуруу сыяктуу иштерде технологияларды пайдалануу натыйжалуу экенин көрсөттү.