Узген районунун канат тартуу боюнча командасы VI Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 31-августтан 6-сентябрга чейин өтө турган мелдештерге жолдомо алды.
Команда Узген райондук мамлекеттик администрациясы менен Узген шаарларынын мэриясынан каржылык колдоого ээ болду.
Район акими Каныбек Апбасов жана Узген шаарынын мэри Нурланбек Саипбаев спортчуларга ийгилик каалап, мекемелери атынан мамлекеттик желекти тапшырды.
Спортчулар Иссык-Көл облусуна барып, районунун намысын коргоп, Кыргызстанды эл аралык деңгээлде таанытууга аракет кылаары күтүлгөн.













