Өткөн кылымдын ортосунда Майлуу-Суу СССРдин эң жашыруун шаарларынын бири болгон. 1968-жылга чейин бул жерде советтик атомдук программа үчүн уран рудасы казылып алынган. Бүгүнкү күндө шаар начар абалда. Былтыр уран казуу токтогондон кийин ачылган Майлуу-Суу электр лампа заводу ишин жарым-жартылай токтотту. Ал эми Майлуу-Суу дарыясынын боюнда калган уран калдыктары Фергана өрөөнү үчүн дагы деле коркунуч туудурууда.
Эми жергиликтүү тургундар, бийлик жана эл аралык уюмдар бул татаал мурасты туризмди өнүктүрүү үчүн ресурска айландырып, Майлуу-Сууну саякатчыларга ачууну көздөөдө.
Туризмге басым
25-сентябрда Майлуу-Суунун борборундагы бош турган имараттардын биринде жергиликтүү тургундардын демилгеси менен туристтик-маалымат борбору ачылды. Ага мэрия жана БУУӨП, ЕБ жана ЕККУ өкүлчүлүктөрү колдоо көрсөтүштү. Бул «Борбор Азиядагы уран мурасынын кесепеттерин жоюу процессине кызыкдар тараптарды тартуу» долбоорунун үчүнчү фазасынын алкагында ишке ашты. Долбоор экологиялык тобокелдиктерди азайтууга, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга жана жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүүгө багытталган.
Борбор «Дестинация Майлуу-Суу» коомдук бирикмесине өткөрүлүп берилди.
Эми туристтер бул жерден шаар жана анын айланасындагы актуалдуу маршруттар боюнча маалымат ала алышат. Ошондой эле жергиликтүү тургундар жасаган сувенирлерди жана буюмдарды сатып алууга болот. Борбордо зер буюмдары, тиричилик буюмдары, тапочкалар, шамдар, мөмө пастиласы, жемиштер жана жаңы жылдык жасалгалар бар.
Борбордун ачылышы бекер эмес. Туризм Майлуу-Суу үчүн жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачуусу мүмкүн. Жергиликтүү бийлик жана тургундар шаардын тарыхын жана жаратылышын көрсөтүү менен саякатчыларды тартууну пландап жатышат.








