Энергетика министри Алтынбек Рысбеков 21-октябрьдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Тору-Айгыр айыл аймагынын күн энергия станциясы боюнча маанилүү маалымат берди. Анын айтымыша, бул 300 МВт кубаттуулугундагы күн станциясы аймакка курулуп жатат жана айыл өкмөтү жылдык сатуудан 1% алышы мүмкүн.

Ошондой эле, депутат Табылды Муратбеков айыл аймагынын тургундарынын электр энергиясын керектөөгө коюлган чектөөлөрүн алып салууну өтүнүп, бул маселенин себебин аймактын малжайларына, эгин талааларына жана алма бактарына иштетилгендиги менен байланыштырды.

Кызматтагы льготаны биз карап чыксак болот. Бирок станция жыл ичинде пайдаланылып, сатылган электр энергиясынан айыл өкмөтүнө 1% берет. Бул биз айтып жаткан льготадан беш-алты эсе көп. акча айыл өкмөтүндө калат
Энергетика министринин жообу

Муратбеков айыл аймагынын тургундарынын маселелери боюнча протоколдук тапшырма берилишин өтүнүп, аймактын маселелерине көңүл бурууну талап кылды.