Ташкент шаарында 6-ноябрдан 8-ноябрга чейин өтүп жаткан самбо боюнча дүйнөлүк чемпионаттын экинчи күнүндө Даниэль Асеков ийгиликке жетишти. Спортчу боевой самбо түрүндө 58 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, бронздук медаль алды. Бул тууралуу спорттун эл аралык федерациясы билдирди.
Эске салсак, турнирдин биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар бир нече натыйжалуу жыйынтыктарды көрсөтүп, алдыга чыгышкан. Алардын ичинде бир алтын жана үч бронздук медаль бар.







