Саясатчы Сыймык Жапыкеев өзү Номад ТВга кайрылып, президенттик шайлоого катышуу үчүн кыргыз тили боюнча сыноого кайра тапшырууну пландаштырып жатканын билдирди. Ал биринчи аракта өтүү баазын топтоого жетише элек болгондугун белгиледи.
«Кыргызтест» башчысы Батма Топоева-Ставинская Номад ТВга берген маалыматта, мамлекеттик тилди билүү боюнча сыноого өтпөй калган саясатчылар үчүн кайра тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Анын айтымыша, кайра тапшыруу мөөнөтү катышуучунун жыйынтыгына жараша болот.
Топоева-Ставинская, тилди билүү деңгээлине аз балл менен жетпей калган саясатчылар үчүн үч күндөн кийин даярданып, экзаменди кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк берилгенин тактады.
Бүгүн Сыймык Жапыкеев менен Омурбек Суваналиев кыргыз тили боюнча сыноого өтпөй калганы маалым болгон. Бирок, Суваналиев кайра тапшырууга бараарын али билдирген жок.




















