Баткен облусунун Сулюк районунда «К. Р» ЖЧКсы иштеп чыгуучу көмүр компаниясынын жетекчисинен акча жана көмүр талап кылуу фактысы токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин (МКК) Баткен облусу боюнча пресс-борбору билдирди.

МККнын маалыматы боюнча, 4-ноябрда ишкананын директору З. М. тарабынан Б. А. жана Б. И. аттуу жарандардын акча талап кылып жаткандыгы тууралуу арыз берилген.

Арыз ээсинин айтымында, аталган адамдар ишкананын ишмердүүлүгүнө жасалма тоскоолдуктар жаратуу менен коркутуу аркылуу 2,5 миллион сом накталай акча жана ошол суммадагы көмүрдү талап кылышкан.

Талап кылынган суммалар

2,5миллион сом
29 000доллар

Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон. 5-ноябрда арыз ээси тарабынан белгиленген 29 миң долларды өткөрүп берген учурда, Б. А. жана Б. И. ишкананын офисинде кармалган.

Соттун чечими менен Б. И. карамагына алынган.