Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемесине ылайык, Союзбек Надырбеков маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Маданият министрлигинин билдирген маалыматы боюнча, тиешелүү чечим ведомствонун жетекчисинин сунуштамасы жана Союзбек Надырбековдун жеке арызынын негизинде кабыл алынган. Надырбеков башка жумушка өтүүү себептен улам өз каалоосу менен кызматтан кетти.

Азыркы учурда бош жерди ким ээлэп турушу тууралуу министрлик тарабынан маалымат берилген эмес. Белгилей кетсек, Союзбек Надырбеков бул кызматта 2025-жылдын март айынан бери иштеп келген.

Кадр чечими

Бошотулду

Союзбек Надырбеков

2025-жылдын мартынан бери кызматта

Дайындалды

белгиленген эмес

-