SoftBank компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы аткаруучусу Масаёси Сон 2040-жылга чейин жасалма интеллект (ИИ) технологиясынын өнүгүшүнө жылына 5 триллион доллар инвестиция жумшалышын болжолдоду.
Сондун айтымында, ИИ дүйнөлүк ички дүң продукциянын 20% түзөт, бирок анын энергия керектөөсү учурдагы дүйнөлүк сарптоодон 1,8 эсе көп — 3 ТВтты түзөт. Ал мындай чыгымдар экономикалык өсүш үчүн кубаттуу дем берерин белгиледи.
Масаёси Сон жасалма интеллектин эң жогорку жашоо формасы катары мүнөздөп, аны менен байланыштуу «технологиялык пузырь» тууралуу сөздөрдү абсурд деп атап, ИИнин потенциалын туура баалоону суранды.
SoftBank компаниясы акыркы эки жылда OpenAI, дата-борборлорду куруу жана робототехника тармагына ондогон миллиард доллар инвестиция салган. Сон бул чыгымдарды экономиканын келечеги үчүн акылга сыярлык деп эсептейт.












