Кичинекей Viktor аттуу баланын ата-энеси кыргызстандыктардан колдоо сурап кайрылышты. Алар баласына «атиптик гемолитико-уремиялык синдром» диагнозу коюлганын билдиришти, бул оорудан Кыргызстанда болгону эки бала жабыр тартып жатат.
Дарылоо үчүн "Экулизумаб" деген дары керек, анын бир флаконы 150 миң сом турат. Бир капельница учун төрт флакон керек болсо, айына болжол менен сегиз флакон колдонулат.
Азыркы учурда Бишкектеги бир оорукана үй-бүлөгө жардам көрсөтүп жатат. Ошондой эле ата-энеси өз күчтөрү менен дарылоонун бир айлык керектөөсүн камсыздашкан.
Бирок ноябрь айынын аягына чейин дагы 3,5 айлык дарылоо үчүн каражат топтоо талап кылынууда. Бул сумма үй-бүлөгө өтө кыйын болуп жаткандыктан, алар жалпы кыргызстандыктардан керек болгон дарыларды алуу үчүн колдоо көрсөтүүнү өтүнүүдө.
Аларды колдогондор төмөнкү телефон номери аркылуу байланышса болот: 0771 62 55 86 — Оксана К. (баланын энеси).
