Кыргызстандын салык кызматы ишмердүүлүгү фактически токтотулган 66 миңден ашык ишкерлердин жана уюмдардын тизмесин жарыялады. Бул тизмеге жеке ишкерлер жана ишканалар кирет.

Ишкерлерге салыктык отчетторду тапшыруу жана бардык милдеттенмелерди аткаруу үчүн 30 күн убакыт берилет. Эгерде бул мөөнөт ичинде чара көрүлбөсө, анда сот аркылуу ишкерди мажбурлап жоюу процедурасы башталышы ыктымал.

Маанилүү жагдай: ишкерди жабуунун өзү үчүн айып пулдар эсептелбейт. Бирок салык мыйзамдарын бузган учурларда жоопкерчилик жана санкциялар сакталып калат.