Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинети менен Япония өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы боюнча гранттык келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду.
Садыр Жапаров Япония менен экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча гранттык келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койду
Президент Садыр Жапаров Япония менен түзүлгөн экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы боюнча гранттык келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул документтин алкагында Япония тарабы жолдорду оңдоо үчүн жогорку технологиялык жол куруу техникасын сатып алууга грант бөлүп берет.